7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абхазия унааларын каттаган башчы 3 млн. сом төгүп, үй камагына чыкты

772

Кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча, «Унаа» МККнын аймактык секторунун башчысы мамлекетке 3 миллион сомдон ашык каражат төктү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 9-апрель күнү Абхазия Республикасынан айдалып келип бажы декларациясынан өтпөгөн кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоонун коррупциялык схемасы аныкталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Өндүрүштүн жүрүшүндө, болжол менен РФ транзиттик каттоо документтеринин негизинде, Кыргызстандын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген эки «Лексус GX» унаасы катталгандыгы аныкталган, мындан улам, мамлекетке бажы алымдарын төлөөдөн 3 миллион сомдон ашык өлчөмдөгү чыгым түрүндө зыян келтирилген.

«Юстиция министрлигинин алдындагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Мамкаттоо кызматынын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин регионалдык сектор башчысы “О.М.А” тарабынан кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоодон өткөргөндүгү үчүн мамлекеттин пайдасына 3 миллион сомдон ашык суммадагы зыяндын орду толтурулду. Келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу, «O.M.A.» үй камагына чыгаруу туралуу баш коргоо чарасы өзгөртүлдү», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

773