7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүн суусундагы таштандылар тазаланып жатат

10

Социалдык тармактарда тараган Ленин айылындагы Аламүдүн суусунун таштанды жана желим бөтөлкөлөргө толуп калганы тартылган видеодон кийин тиешелүү кызматтар ыкчам чараларды көрүштү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жана Достук айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын өкүлдөрү биргелешип тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн суусунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн, жарандар мыйзамсыз таштаган тиричилик таштандылары агын суу аркылуу агып келип, суунун жээгине жана айрым жерлерине топтолуп калганы аныкталган.

Ошондой эле адистер жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза сактоо, тиричилик таштандыларын атайын белгиленген жайларга чыгаруу жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришүүдө.

11