7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Талаада мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды

146

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мыйзамсыз аңчылык кылууга шектелген жаран кармалды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Жылаңач жайлоосунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну  уруксат берүүчү документтери жок 20 калибрдеги аңчылык куралын колдонуп жүргөн жеринен аныкталган.

Анын колундагы курал андан алынып, андан аркы териштирүү үчүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле Арпа суусунда жүргүзүлгөн текшерүүдө балык уулоого тиешелүү уруксаты жок жана балык уулоонун эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык ар бирине миң сомдон, жалпы 3 миң сом айып пул салынды.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоого жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырып, мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын билдирди.

147