Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мыйзамсыз аңчылык кылууга шектелген жаран кармалды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Жылаңач жайлоосунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну уруксат берүүчү документтери жок 20 калибрдеги аңчылык куралын колдонуп жүргөн жеринен аныкталган.
Анын колундагы курал андан алынып, андан аркы териштирүү үчүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле Арпа суусунда жүргүзүлгөн текшерүүдө балык уулоого тиешелүү уруксаты жок жана балык уулоонун эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык ар бирине миң сомдон, жалпы 3 миң сом айып пул салынды.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоого жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырып, мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын билдирди.



