«Түндүк» мобилдик тиркемеси, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы жана Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон башка сервистер 10-июль саат 21:00дөн 11-июль саат 10:00гө чейин убактылуу жеткиликсиз болот.
«Түндүк» ААКнын маалыматына ылайык, убактылуу чектөөлөр Бирдиктүү идентификациялоо системасында пландалган техникалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу киргизилүүдө.
Жарандарга кызматтарды пайдаланууда ушул убакытты эске алуу сунушталат.



