Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн тышкы карызы боюнча комментарий берди.
— Айрым жарандар маал-маалы менен өлкөнүн тышкы карызы боюнча тынчсыздануусун билдирип келишет. Мындай кооптонууга учурда негиз барбы?
— Азыр тышкы карыз биз үчүн кеп эмес. Тышкы карызды өлчөө эрежеси мейли 10 миллиард болобу же 15 миллиард болобу ИДПнын көлөмүнө жараша эсептелет. Азыр биздин ИДП 2 триллион сомго жетип калды.
Мен жөнөкөй жарандар жакшы түшүнүш үчүн жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин.
Мисалы, Аскар Акаев мезгилинде сенин чөнтөгүңдө 100 сомуң бар болсо, сен 120 сом карыз болчусуң.
Курманбек Бакиев маалында 100 сомуң бар болсо, 80 сом карыз болчусуң.
Роза Отунбаева маалында 100 сомуң бар болсо, 60 сом карыз болчусуң.
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун маалында 100 сомуң болсо, 68 сом карыз болчусуң.
Азыр болсо чөнтөгүңдө 100 сомуң болсо, 39 сом карызсың.
Мурдакы карыздардан айырмаланып, азыркы алган карыздар ири долбоорлорго даректүү жумшалып жатат. Келечекте өзүн жабат. Бюджетке күч келтирбейт.
Мурдакы карыздар болсо кумга сиңген суудай болуп кеткен. Же бир көзгө көрүнөөрлүк ири долбоор бүткөн эмес же завод-фабрика салынган эмес. Таланып-тонолуп кеткен.
2020-жылга чейин чындыгында кыйын болчу. Бюджеттик дефицит 20 млрд сом, ИДП 640 миллиард эле сом болчу.
Ошол үчүн тышкы «Карызды кантип төлөйбүз?» деген көйгөй бар эле. Азыр жана келечекте эч кандай маселе болбойт. Тышкы карызды шылтоо кылып кара пиар кылабыз дегендердин максаты ишке ашпайт. Муну экономист, финансисттер жакшы түшүнүшөт.
Бирок, ошентсе да президент 50 пайыздан ашпаш керек деген чек койду.
“Жети өлчөп, бир кесип” иш кылабыз.



