7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Өскөн-Ордо конушунда курулуп жаткан 750 орундуу мектептин иши менен таанышты

249

“Ачык кабинет” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын Өскөн-Ордо конушунда курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Буга чейин аталган конушта мектеп болгон эмес, жашоочулар жакын аймактардагы мектептерден билим алып келген. Ал эми жаңы мектептин курулуш иштеринин 70 пайызы бүткөрүлдү. Объектти ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Министр Нурдан Орунтаев белгилегендей, мектеп заманбап талаптарга жооп берген окуу жай катары бардык зарыл шарттар менен камсыздалат. Долбоордо окуучулар жана мугалимдер үчүн эс алуу аянтчалары, ачык сабактарды өткөрүүгө ылайыкталган атайын окуу мейкиндиктери каралган.

Ошондой эле министр Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарында жалпысынан 20 мектеп курулуп жатканын белгиледи. Аталган объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, минитсрлик тарабынан ишке ашырылууда. Бул аракеттер борбор калаадагы мектептердеги орун тартыштыгын жоюуга жана билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

250