7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров тарифтер менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын көтөрүүгө тыюу салды

3

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлык менен калк үчүн айрым тарифтерди, жыйымдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылдык мөөнөткө мораторий киргизилет.

Мораторий биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөлүк бюджеттердин туруктуулугун сактоого жана калкка кошумча финансылык жүктүн түшүшүнө жол бербөөгө багытталган.

Мораторий күчүндө болгон мезгилде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар мораторийге кирген төлөмдөрдү жогорулата алышпайт.

Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, стратегиялык мааниге ээ тармактардын жана критикалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу учурларда гана өзгөчө жагдайлар каралган.

Бул чечим чоң социалдык мааниге ээ. Анткени коммуналдык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар ар бир үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушуна түздөн-түз таасир этет. Мораторийди киргизүү милдеттүү төлөмдөрдүн туруктуулугун камсыз кылууга, чыгымдардын кескин өсүү тобокелдигин азайтууга жана тарифтердин аз гана жогорулашы да олуттуу жүк болуп эсептелген калктын эң аялуу катмарларын колдоого мүмкүндүк берет.

4