Бүгүн, 12-июль Чүй, Талас, Ысык-Көл регионунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Таласта +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +24…+29, Нарын регионунда +22…+27 градуска көтөрүлөт.
Ал эми Бишкек менен Ош калаасында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +24…+26 градуска жетет.



