7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым аймактарында суу убактылуу өчүрүлөт

147

2026-жылдын 14-июль саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү району: Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө чейин), 6-кичи район, 5-кичи район толук эмес, 8-кичи райондун түштүк тарабы, Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3 турак жай шаарчалары, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Француз кварталынын батыш тарабы, Газпром мектеби, Асанбай 40/1. 8-кичи райондо суунун басымы төмөндөйт.

Суу берүүнүн токтотулушу диаметри 600 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

“Бишкексууканал” ишканасы мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.

148