7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин мурдагы Эмири дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

144

Президент Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Улуу Даражанын ээси, маркум атаңыз шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Шейх Хамад бин Халифа Аль Тани Катар Мамлекетинин дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.

Шейх Хамад өзүнүн даанышмандыгы, камкордугу жана боорукердиги менен ар дайым дүйнөгө үлгү болуп кала берет. Анын жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.

Улуу Даражалуу, Сизге жана Катар Мамлекетинин боордош элине жеке өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөм”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

145