7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш объектисиндеги өрт: айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду

254

Бүгүн, 12-июль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын С. Каралаев көчөсү 60 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинде өрт кырсыгы катталды.

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, имараттын 12-кабатында ширетүү иштери жүргүзүлүп жаткан учурда опалубка күйүп кеткен. Азыркы учурда өрт кырсыгы толугу менен өчүрүлүп, жабыркагандар катталган жок.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кыргыз Каганат” ЖЧКсына курулуш аянтчасындагы коопсуздук талаптарын күчөтүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга карата протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.

255