Саламаттык сактоо министрлиги менен Россиянын «ВТБ медицина» акционердик коомунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Документке министр Дамир Осмонов жана компаниянын башкы директору Сергей Нечаев кол койгон. Макулдашуу медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана саламаттык сактоо тармагына санариптик технологияларды киргизүүгө багытталган.
Анын алкагында медицина кызматтарын өнүктүрүү, дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу, ординаторлорду окутуу программаларын кеңейтүү жана эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин кызматташтыгын күчөтүү каралган.
Мындан тышкары, министр Дамир Осмонов кыргызстандыктарды жогорку технологиялык медициналык жардам алуу үчүн Россиянын алдыңкы клиникаларына жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Россия тарап бул демилгени колдоп, кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.



