18–19-июлда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин искусство чеберлеринин концерти жана гала-концерти өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерт Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын маданий программасынын алкагында уюштурулууда.
Иш-чарага ШКУга мүчө 10 мамлекеттин чыгармачыл жамааттары катышып, көрүүчүлөргө улуттук музыкалык, вокалдык жана хореографиялык өнөрдүн мыкты үлгүлөрүн тартуулашат. Кирүү акысыз.



