2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 24,5 миң тоннадан ашык арпа импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, анын негизги бөлүгү Казакстан менен Россиядан ташылып, жалпы наркы 426,6 млн сомду түздү. Былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу импорт көлөмү дээрлик 24,5 миң тоннага көбөйгөн.



