7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Маяк” рейди: Тез жардам унаасына жол бербеген айдоочулар жоопко тартылат

271

Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы «Маяк» аттуу профилактикалык рейд өткөрүүдө.

Рейддин жүрүшүндө күйгүзүлгөн жарык жана үн сигналдары менен бара жаткан тез жардам унаасын кайгуул кызматкерлери коштоп, айдоочулардын өзгөчө кызмат унааларына жол берүү эрежелерин сактоосу текшерилүүдө.

Тез жардам унаасына жол бербеген айдоочулар токтотулуп, аларга карата укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

МККБ айдоочуларды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана өзгөчө кызмат унааларына өз убагында жол берүүгө чакырат.

272