Баткен районунун чек арада жаңжал чыккан Көк-Таш айылында элдин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Мындай маалыматты Баткен облустук ИИБсы таратты.
“Ош-Исфана жолунда автоунааларга таш ыргыткан окуяга байланыштуу “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ошондой эле октон көзүнөн жарат алган Көк-Таш айылынын 30жаштагы тургунуна байланыштуу “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” фактысы менен Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергелип жатат” – деп айтылат маалыматта.
Кырдаал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүнө алынды.