Милициянын маалыматына ылайык, Суусамырдын Туура-Суу айылында өтө турган фестивалда кара куурай кошулган продукцияларды жарнамалап, сатуу аракеттери тууралуу маалыматтын негизинде ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн.
Алынган үлгүлөр соттук-химиялык экспертизадан өткөрүлүп, алардын курамынан кара куурай табылган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 35 жаштагы эки жаран жана 38 жаштагы бир жаран шектүү катары кармалган. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда кара куурай майы кошулган эки бөтөлкө суюктук, 4 грамм кара куурай жана 1 килограмм 860 грамм кара куурайдын уругу табылган.
Ошондой эле шектүүлөр иштеген дүкөндөн кара куурай кошулган чай, ун, май, спрей жана капсула түрүндөгү витаминдер алынган.
Учурда кармалган үч жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.



