Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында орнотулган фотокапканга ак илбирстин сүрөттөрү жана кызыктуу видеосу түшүп калды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, фотокапкан 2025-жылы орнотулган.
Белгиленгендей, Нарын коругунда ак илбирстен тышкары сүлөөсүн, Тянь-Шань күрөң аюусу, аркар-кулжа, бугу-марал жана Кызыл китепке кирген бир катар сейрек кездешүүчү канаттуулар да байырлайт.



