«Тарыхты бурмалабагыла! Кытай компаниялары кечээ эмес, 30 жыл мурун эле келген»
22
Акыркы убакта Кытай темасынын айланасында улам жаңы мифтер жаралып, эмоция аркылуу коомдук пикирди өзгөртүүгө аракеттер байкалууда. Бул тууралуу пикирин Канат Хасанов фейсбукка жарыялады.
“Акыркы убакта бир эле теманы улам-улам көтөрүп жатышат: «Жапаров Кытай компанияларын алып келди», «кытайларга жер сатылып жатат». Ай, айланайындар… Тарыхты бурмалабагыла. Кытай компаниялары Кыргызстанга кечээ келген жок. Алар 1990-жылдары эле келе баштаган. Ал эми 2000-жылдардын башында эле ири кытайлык компаниялар иштеп, кийин миллиарддаган кредиттер алынып, стратегиялык жолдор, энергетикалык жана башка ири объектилер курулган. Ошол кезде эмнеге унчукпай жүрдүңөр? Эмнеге ошол убакта коомду көтөргөн жоксуңар? Эмнеге дал бүгүн гана ушул тема күн сайын көтөрүлүп жатат? Дагы бир миф — «кытайларга жер сатылып жатат» деген сөз. Көпчүлүк учурда сөз инвестициялык долбоорлор үчүн мыйзамда каралган пайдалануу укуктары жана ижара тууралуу болуп жатат. Эгер кимдир бирөө мыйзамсыз жер сатып алган болсо, аны укук коргоо органдары аныктап, мыйзам алдында жоопко тартсын. Бирок фактыларды көрсөтпөй туруп бүтүндөй коомду дүрбөлөңгө салуу — бул саясат, факт эмес. Дүйнөнүн көп мамлекеттери инвестиция үчүн атаандашат. Айрым өлкөлөрдө чет өлкөлүк жаран белгилүү көлөмдө кыймылсыз мүлк сатып алса же ири инвестиция салса, жашоого уруксат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бизде болсо андай мыйзам жок. Чет өлкөлүктөрдүн жер сатып алууга да, аны менчиктештирүүгө да укугу жок. Бизге болсо биринчи кезекте инвестициядан коркуу эмес, мыйзамды катуу аткаруу керек. Мамлекет ар бир инвесторду катуу көзөмөлдөшү зарыл. Мыйзам буздубу? Жоопкерчилик. Миграциялык режимди буздубу? Депортация. Улуттук кызыкчылыкка каршы иштедиби? Эң катуу мыйзамдык чара. Ал эми мыйзамды сактап, жумуш орундарын түзүп, салык төлөп жаткан инвестордон мамлекет качпашы керек. Саясий социологияны изилдөөчү катары мен бир гана жыйынтык чыгарам. Акыркы убакта Кытай темасынын айланасында улам жаңы мифтер жаралып, эмоция аркылуу коомдук пикирди өзгөртүүгө аракеттер байкалууда. Эми адаттагыдай эле фактыларга жооп бере албагандар чуркап келип, комментарий калтырып, бок-сөккөнүн жазышат. Анткени айрымдардын негизги куралы — факт эмес, элге негативди психологиялык ыкмалар аркылуу жайылтуу жана эмоцияны күчөтүү. Бирок тарых менен фактыларга каршы чыгуу мүмкүн эмес”,- деген ал.