7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

V Элдик Курултайды өткөрүүгө даярдыктар талкууланды

140

Бүгүн, 22-сентябрда кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана алардын ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдайт.

Жыйынга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев төрагалык кылды. Анын жүрүшүндө иш-чараны уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча негизги маселелер талкууланды. Делегаттарды шайлоонун белгиленген тартибин сактоого жана жол-жоболордун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

V Элдик Курултайга жети облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан, этностук топтордун өкүлдөрүнүн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын арасынан 700 делегат шайланары белгиленди.

Жыйынтыгында Арслан Койчиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан пландаштырылган бардык уюштуруу иш-чараларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын айтты.

141