Мунай тармагындагы коррупциялык схема боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгү өндүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, «Кыргызнефтегаз» ААК менен «Кыргызгаз Петролеум Компани» ЖАКтын айрым кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууга байланышкан коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө. Анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылат.
Тергөө учурунда айыпталуучу мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Буга байланыштуу соттун чечими менен ага карата мурда тандалган камак түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды толук өндүрүү боюнча тергөө амалдары уланууда. Тергөө аяктагандан кийин кылмыш иши сотко жөнөтүлөт.



