7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда кытай дарыгерлери учакта акысыз операция жасашат

140

Кытайлык медицина адистери Кыргызстанда атайын медициналык учактарда акысыз операцияларды жүргүзүшөт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызстан аэропорттору» ААКта жарандык авиация техникасын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири болгон Кытайдын COMAC (Commercial Aircraft Corporation of China) корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өттү. Тараптар Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, авиациялык инфратүзүмдү өнүктүрүүнү, ошондой эле Кыргызстандын авиация тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн COMAC өндүрүшүндөгү заманбап аба кемелерин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын 10–11-күндөрү Кыргызстанга Кытай тараптын адистештирилген медициналык аба кемесинин келиши күтүлүүдө. Аталган аба кемесинин базасында кытайлык алдыңкы медицина адистери Кыргызстандын жарандарына офтальмология багыты боюнча жогорку технологиялык операцияларды акысыз жүргүзүшөт. Мындан тышкары, кытайлык делегация 24-сентябрда «Каракол» эл аралык аэропортунда өтө турган авиациялык фестивалга катышууга чакырылды. Гуманитардык миссия аяктагандан кийин фестивалдын иш-чараларына медициналык аба кемелеринин дагы катышуусу күтүлүүдө»,-деп жазган Самидинов.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

141