7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары «Мурас- кыймылда» видео ролиги сунушталды

193
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына жана көчмөн элдердин салттуу спорт түрлөрүнө арналган «Мурас — кыймылда» аттуу роликтер сериясын сунуштайт.
Долбоор көчмөндөрдүн кылымдардан бери калыптанып келген жашоо образын, улуттук спорттун өзгөчөлүгүн жана ата-бабалардан мурас болуп калган баалуулуктарды чагылдырууну максат кылат.
Роликтер үч негизги темага бөлүнгөн:
«Тактык» – Ордо жана Салбуурун;
«Ылдамдык» – Тыйын эңмей, Көк бөрү, ат чабыш жана Эр эңиш;
«Күч» – улуттук күрөш түрлөрү, таяк тартыш, аркан тартыш жана балбандардын күч сынашуусу.
Ар бир роликте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына кирген салттуу спорт түрлөрүнүн өзгөчө элементтери кыска, бирок таасирдүү визуалдык форматта көрсөтүлөт. Анда көчмөндөрдүн жашоо образы калыптандырган тактык, ылдамдык, күч, чыдамкайлык жана чеберчилик сыяктуу сапаттар чагылдырылган.
Сериянын алгачкы ролиги «Тактык» деп аталып, анда Ордо жана Салбуурун спорт түрлөрүнүн негизги элементтери көрсөтүлөт. Ролик бул спорттун өзгөчө духун, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана көчмөн элдердин көп кылымдык салттары менен болгон байланышын даңазалайт.
194