7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө саркынды суу ташыган эс алуу жайы айыпка жыгылды

144

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайынын аймагында жайгашкан тамактануучу жайда саркынды суулардын ташып кетиши боюнча мыйзам бузуу аныкталып, жооптуу тарапка 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы интернет булактарында тараган маалыматтын негизинде Улуттук илимдер академиясынын «Академия наук» эс алуу жайынын аймагында текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эс алуу жайындагы кафелердин биринде саркынды суулар топтолуучу септикалык курулма ташып кеткени аныкталып, маалымат тастыкталды.

Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык эс алуу жайына 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Мындан тышкары, жооптуу тарапка аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү чараларды көрүү боюнча милдеттендирме берилди.

145