Бишкекте жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу иштерине байланыштуу 5-августтан тарта шаардын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Төмөнкү даректерде жол этап-этабы мн убактылуу жабылып турат:
- Анкара көчөсүндө, «Глобус» соода борборунун жанында;
- Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;
- 7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
- Байтик Баатыр көчөсүндө, курулуп жаткан мечиттин жанында;
- Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде (долбоордук документацияга ылайык);
- Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Долбоор жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана убактылуу жол белгилеринин талаптарын так сактоого чакырат.



