7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эртеңден тарта кайсы көчөлөр убактылуу жабылат?

197

Бишкекте жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу иштерине байланыштуу 5-августтан тарта шаардын айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Төмөнкү даректерде жол этап-этабы мн убактылуу жабылып турат:

  • Анкара көчөсүндө, «Глобус» соода борборунун жанында;
  • Ауэзов көчөсүндө, Аламүдүн кичи районундагы №59/2 үйдүн алдында;
  • 7-Апрель жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде;
  • Байтик Баатыр көчөсүндө, курулуп жаткан мечиттин жанында;
  • Анкара көчөсүнүн дагы бир тилкесинде (долбоордук документацияга ылайык);
  • Нуркамал жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Долбоор жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга жана убактылуу жол белгилеринин талаптарын так сактоого чакырат.

198