Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим кийиши мүмкүндүгүн айтты.
Өкмөт башчы бул сунушун президент жактырганын белгиледи. Ал улуттук кийимин эл аралык иш-чараларга чейин кийген мамлекеттер бар экенин мисал кылды.
«Араб өлкөлөрүндө, Африка мамлекеттеринде, мына, Монголияны алсак деле болот. Алар эл аралык иш-чараларда деле өздөрүнүкүн кийип алып жүрүшөт», — деди Касымалиев.



