Бишкек шаарындагы Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде адам өмүрүн алган жол кырсык катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Каргашалуу окуя 4-августта болжол менен саат 19:20ларда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, 30 жаштагы жаран Mercedes-Benz 320 үлгүсүндөгү автоунаасы менен Абдрахманов көчөсү аркылуу түштүк багытты көздөй бара жаткан. Ошол учурда 23 жаштагы велосипедчен менен көчөнүн ортосунан түндүк тарапка өтүп, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөккө жетпей батышка бурулган. Натыйжада автоунаага урунган.
Кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы велосипедчен алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан жол-транспорт кырсыгынын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү териштирүү жана экспертиза иштери жүргүзүлүүдө.



