7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо автобекет, стадион жана дагы 19 объекттин курулушу жүрүүдө

179

Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы 21 жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев курулуштардын жүрүшү менен таанышты.

«Учурда Кочкор айылында жаңы автобекет, стадион жана башка социалдык объектилер курулуп жатат. Ошондой эле райондогу сегиз объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Иш сапарынын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

180