Бюджеттик гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө медициналык документтерге жана “Гемодиализ” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна көптөгөн анык эмес маалыматтарды киргизүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, чет өлкөдө жүргөн, ошондой эле каза болгон бейтаптарга гемодиализ процедуралары жүргүзүлгөндүгү тууралуу жалган маалыматтарды каттоо фактылары аныкталган. Андан тышкары айрым менчик медициналык клиникалар лицензиясында көрсөтүлгөндөн да көп адамга кызмат көрсөткөнү такталган.
Натыйжада мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 226 млн 967 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан жооптуу кызмат адамдарга карата кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) жана 348-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.



