7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда бир нече адамды 4 млн. сомдон ашык акчага алдаган жаран кармалды

173

Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, ал январь–апрель айлары аралыгында бир нече жаранга тайларын, торпокторун жана койлорун Ысык-Көл облусуна бактырып берүүнү же бордоп семиртип сатып берүүнү убада кылып, алардын малдарын алып кеткен. Бирок, шектүү малдарды Токмок шаарындагы мал базарда башка адамдарга сатып, акчаларды өз кызыкчылыгына жумшалган. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык зыян 4 миллион 115 миң сомду түзгөн.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен өз-өзүнчө кылмыш иштери козголду. Учурда тергөо иштери уланууда.

 

174