7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Көйнөгүн жуубай биттен көрөт…».Жоопкерчилик мамлекетке гана эмес, коомго да тийиштүү

1

Кыргызстанга келген чет элдик эмгек мигранттары менен иштөөдө жоопкерчилик мамлекеттик органдарга гана эмес, иш берүүчүлөргө жана жергиликтүү тургундарга да тиешелүү. Мындай пикирин кыргыз-кытай биргелешкен өндүрүштүк компаниянын өкүлү Тынчтык Алтымышев фейсбук баракчасына жазды. Анда ал, чет элдик жумушчуларга өлкөнүн мыйзамдарын, салт-санаасын, түшүндүрүү жана тартипти күчөтүү мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын аларын белгиледи.

«Кыргызда «көйнөгүн жуубай биттен көрөт, идишин жуубай иттен көрөт” деген жакшы кеп бар. Ушул макала азыркы биз жашап жаткан доор, сырттагы кайнап жаткан эмгек миграциясынын фонунда абдан актуалдуу болуп тургандай.

Ооба, азыр дүйнө мурдагыдай эмес, азыр адамдарга дүйнөнү кезип жүрүш маселе деле болбой калды. Миграциянын агымы тынымсыз жүрүп, финансылык ресурстар, иш орундары каякта болсо, адамдар улут тандабай, тил, жер тандабай эле ошол жакка жылып, жашоо турмушун кечиришүүдө.

Мисалы, акыркы жылдары бизде бангладештиктер, индиялыктар жана кытайлардын эмгек мигранттары абдан агылып келүүдө. Ага чейин коӊшу мамлекеттерден сезондук жумуштарга миллиондоп келишчү. Демек, бизде ошончолук иш-орундар бар, каржылык мүмкүнчүлүктөр жана жашоо-шартка ыӊгайлуулук бар. Бул жагына шүгүр дешибиз керек го?!

Болгону, ошол бизге келген чет элдик жумушчулар менен иш алып барууда, мамлекеттик органдар менен бирге эле жергиликтүү тургундар да жоопкер болуп, өз ара аракеттенүү менен маселелерди жөндөп кое турган жердебиз. Мисалы, иш берүүчү компаниялар. Ар бир чет элдик эмгек мигрантынын тобун тосуп алууда, ал тургай алардын таманы жерге тийгенге чейин эле Кыргызстандын мыйзамдары, жергиликтүү элдин менталитети, салт-санаасы тууралуу жалпы маалыматтарды кулагына кыттай куюп, бул жакта да алардын топ башчыларына, бригадирлери менен башкармаларына катуу тапшырып, тартип менен тазалыгын талаптагыдай камсыздап коюуга неге болбосун?

Ооба, жашырбайм, мен кыргыз-кытай биргелешкен өндүрүштүк компанияда иштейм. Бизде келишим боюнча жергиликтүү жумушчулар менен сырттан келген жумушчулардын иш орун боюнча квотасы 70/30 деп көрсөтүлгөн. Бул айныгыс түрдө так сакталып келе жатат. Курулуш мезгилдери учурунда айрым сейрек кесиптер боюнча КЭР жарандары көп тартылган учур болгон. Бирок, ишкана ишке киргенден тартып, квота так сакталат. Азыр бизде 400гө чукул жумушчу болсо, анын 26%ы чет элдик жарандар. Компания 300гө чукул кыргызстандыкты туруктуу иш менен камсыз кылган. Президентибиз Садыр Жапаров Нарын эли менен жолугушканда белгилегендей, компания салык түрүндө эле 2 млрд. сом Кыргызстандын бюджетине салым кошту. Андан башка салыктык эмес төлөмдөр, айлык маяна, соцфонд төгүмдөрү, сатып-алуулар менен бирге миллиардаган акчалар жергиликтүү бюджетке жана жарандардын жашоо турмушуна оӊ таасирин тийгизип жатат.

Компанияда кытай-кыргыз жарандары өз ара түшүнүшүү жана сый менен кызматташып келе жатышат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана күч органдары, тоо-кен өндүрүшүнө тиешеси бар баардык мамлекеттик органдар менен дайыма тыгыз иш алып барылат. Көзөмөл, түшүндүрүү иштери регулярдуу түрдө алынып барылат. Ички тартип бекем сакталып, биздин кытай кесиптештер өз билемдик менен унаа башкарып, ээн-эркин эл аралап сейилдеп, балык уулап, куш кармабайт.

Иш бар жерде сөзсүз кемчиликтер да бар. 1000% идеялдуу ишканабыз десем ыйманымды жеген болом.

Мисалы, жакында эле биздин тоо кен ишканабыздын аймагында кагаз, целлофан, пенопласт сыяктуу жеңил курулуш материалдары жайлоону каптап, экологияны коргоочу органдар тарабынан айыпка жыгылдык. Эки күн ишембилик жасап, ички иликтөө кылып, натыйжада таштанды сактоочу жайыбызды шамалда эч нерсе учуп чыкпагандай жасоону колго алып жатабыз.

Бул “таштанды каптаганы” боюнча билдирген жергиликтүү тургунга биз абдан ыраазыбыз. Ошентип, катуу чымчып, сезимдерибизге келтирип, кеичиликтерди көзгө сайып койгону анын — ПАТРИОТТУГУ!

Демек, эмгек мигранттары менен иштөөдө жергиликтүү компаниялардын да,  элдин да жоопкерчилиги дагы бир жолу чоӊ экендигин айткым келет» — деп жазган ал.

2