7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңилдетилген кредит: Агротармакка жарым жылда дээрлик 6,8 млрд сом багытталды

3

Жарым жылда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен «АБанк» ААК биргеликте айыл чарбаны жана ишкердикти колдоп, мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программалардын алкагында 4 457 насыя берди. Алардын жалпы суммасы 6 млрд 781,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

2026-жылдын алты айында төмөнкү программалар боюнча каржылоо жүргүзүлдү:

  • «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасынын алкагында 3 846 насыя берилип, жалпы 2 млрд 530,8 млн сом каржыланды;
  • Агроөнөр жай комплексин кредиттөө программасы боюнча кайтарым каражаттардын эсебинен 375 насыяга 1 млрд 498,3 млн сом бөлүндү;
  • «Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү» программасынын алкагында 3 пайыздык жеңилдетилген үстөк чен менен 47 насыя берилип, 176,1 млн сом каржыланды;
  • Чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө программасы аркылуу 180 долбоорго 2 млрд 528,2 млн сом берилди;
  • Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо программасы боюнча 8 насыяга 46,8 млн сом багытталды;
  • Үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү программасынын алкагында 1 долбоорго 1,5 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.

“Министрлик менен «АБанк» ААК ишке ашырып жаткан мамлекеттик программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишкердикти колдоого, асыл тукум мал чарбасын, үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган” – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында 750 млн сомдук каржылоо каралып, аны ишке ашырууда тиешелүү иштер жүрүүдө.

 

4