7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө боюнча оруп жыйноо иштери активдүү жүрүүдө

222

Республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп жыйноо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 261,0 миң гектар жер оруп жыйналды.

Анын ичинен:

  • буудай 139,0 миң гектар;
  • арпа 121,0 миң гектар;
  • жүгөрү 770 гектар;
  • чанактуулар 200 гектар жыйналды.

Бүгүнкү күнгө карата, облустар арасында Чүй облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө, пландын 50,8 пайызын (140,1миң га) оруп жыюуу иштери бүткөрүлдү. Ал эми, Ош облусунда 527,0 миң гектар жер оруп жыйналып (56,8%), Жалал-Абад облусунда план 52,9 пайызга, Талас облусунда 10,9 пайызга аткарылса, Ысык-Көл жана Нарын облустарында  оруп жыйноо иштери уланууда.

 

223