7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында жайыт жерлерин максатсыз пайдалангандарга айып салынды

173

Нарында жайыт жерлерин максатсыз пайдаланган жарандарга 45 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалымата ылайык, Нарын районунун Учкун айыл аймагынын малчылары «Жашыл Учкун» муниципалдык ишканасы тарабынан бекитилген жайыттарды кезектештирип пайдалануу графигин сактабастан, Чой-Жап өрөөнүндөгү ички жаздоо жана кыштоо жайыттарына мал жаюуну мыйзамсыз улантып келишкен.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жайыттарды белгиленген тартипте пайдалануу, жайыттардын деградациясына жол бербөө жана жайыт мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертип келет.

174