Өлкө башчысы Садыр Жапаров Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына видеокайрылуу жасап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарына токтолду.
Мамлекет башчысы Бишкек Москваны стратегиялык өнөктөш жана өнүктүрүү боюнча ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн баса белгиледи.
Президенттин айтымында, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин жигердүү өсүшү туура тандалган стратегиялык багытты ырастайт.
Садыр Жапаров өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктүн негизги жыйынтыктарына токтолду.
- Соода жүгүртүү – 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 4 миллиард долларга жакындады.
- Кыргызстанда россиялык капиталдын катышуусу менен иштеген компаниялардын саны 1 800дөн ашты.
- Россиянын рыногу ата мекендик продукцияны сыртка илгерилетүүдө эң негизги багыттардын бири катары кала берет.
Ошондой эле Садыр Жапаров Россия Кыргызстандын экономикасына ири инвесторлордун бири экендигин жана стратегиялык маанидеги долбоорлорду биргелешип ишке ашырууда туруктуу өнөктөш катары өзүн көрсөткөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолуп өттү. Фонд иштеп баштагандан бери өлкө экономикасынын өсүшүнө олуттуу өбөлгө түзгөн институтка айланганын белгиледи.
Фонд аркылуу миңдеген долбоорлор каржыланып, жаңы жумуш орундары түзүлдү. Ал эми уюмду кошумча капиталдаштыруу тууралуу кабыл алынган чечим келечектүү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга жана өнөр жай кооперациясын арттырууга жаңы түрткү берери айтылды.



