7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куралдуу Күчтүн аскерлери КМШ чемпионатында жеңүүчү болду

4

Бүгүн, 6-августта Куралдуу Күчтөрдүн асерлери КМШга мүчө мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматчылары арасында өткөн ок атуу боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү болду.

Мелдештин жыйынтыгында Куралдуу Күчтөрүнүн командасы жогорку кесиптик даярдыгын, тактыгын, чыдамкайлыгын жана мыкты чеберчилигин көрсөттү.

Жыйынтыгында:

— I орун — Кыргыз Республикасы;
— II орун — Казакстан Республикасы;
— III орун — Россия Федерациясы;
— IV орун — Өзбекстан Республикасы;
— V орун — Беларусь Республикасы.

Мелдештин жабылыш аземинде Коргоо министринин орун басары полковник Кулмурзаев Алмазбек Абдиллаевич куттуктоо сөз сүйлөп, чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине сыйлыктарды тапшырды. Ал өз сөзүндө мындай мелдештер аскер кызматчыларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, аскердик-прикладдык спортту өнүктүрүүгө, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди чыңдоого олуттуу салым кошорун белгиледи.

Чемпионат аскер кызматчыларынын кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө, тажрыйба алмашууга, аскердик-прикладдык спортту өнүктүрүүгө жана КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы достук жана кызматташтык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.

 

5