7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр жол кырсыгынан жабыркаган адамды сактап калган студентти сыйлады

8

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жол кырсыгынан жабыркаган адамдын өмүрүн сактап калган Адинай Кабенова менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Адинай Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти. Аны кабыл алган министр студентке чечкиндүүлүгү жана кайдыгер карабаган мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, Саламаттык сактоо министрлигинин Ыраазычылык катын тапшырган.

Адинай жол кырсыгынан жабыркаган жаранга өз убагында жардам көрсөтүп, «Тез жардам» кызматы келгенге чейин аны аман алып калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулаткан.

9