7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Россиянын региондорунун жетекчилерин кабыл алды

2

Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Чолпон-Ата шаарында Россия Федерациясынын аймактарынын жетекчилерин кабыл алды.

Жолугушууда аймактар аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Красноярск шаарында өткөн буга чейинки Аймактар аралык конференциянын жогорку натыйжалуулугуна токтолду. Ал өткөн жылдар аралыгында Форум менен Конференция эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, ишкер чөйрөлөрүнүн жана региондорунун ортосунда түз диалог жүргүзүү үчүн талап кылынган натыйжалуу аянтча катары өзүн көрсөтүп келгенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстанда өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы жаңы демилгелерди иштеп чыгууга жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө кошумча дем берүүгө кызмат кылган натыйжалуу механизм болоруна ишеним билдирди.

Бул контекстте Президент өнөр жай, фармацевтика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүнү кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири катары атады.

Мындан тышкары, экономиканы санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү маанилүү бойдон калууда. Биргелешкен инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан россиялык өнөктөштөргө Жогорку технологиялар паркынын жана “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоого даяр.

Өз кезегинде губернаторлордун делегациясы жетишилген макулдашуулар жана алдыдагы иш-чаралардын жүрүшүндө иштелип чыга турган чечимдер эки тараптуу экономикалык кызматташтык үчүн жаңы келечектерди ачарына ишеним артты.

Региондордун жетекчилери агроөнөр жай комплекси, IT тармагы жана туризм чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Аймактардагы ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы түз байланыштарды системалуу түрдө чыңдоо товар жүгүртүүнүн жогорку динамикасын сактап калууга гана эмес, ошондой эле узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн бекем негиз түзүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.

Өз сөздөрүндө региондордун жетекчилери мындай форматтагы иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен экономикалык долбоорлорду илгерилетүүгө жана Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы салттуу достук байланыштарды мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтышты.

3