Бүгүн, 7-августта Бишкектин Элебесов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы үч бөлүм жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 14:38де толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзгөн. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.



