7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластын Өтмөк ашуусуна электр мамычалары орнотулуп, 750 даана жарыктандыруу коюлат

235

Талас облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, Талды-Булак айылынан Талас облусунун кире беришиндеги аркага чейин жалпы узундугу 36 чакырымды түзгөн электр чубалгылары тартылып, 750 даана көчө жарыктандыруу чырагы орнотулат.

«Бул долбоор негизги автожолду толук жарыктандырып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга жана аймактын көркүн арттырууга өбөлгө түзөт», — деди Жумаев.

Мындан тышкары, Талас облусунун кире беришинде туристтер жана жүргүнчүлөр үчүн заманбап рест-пойнт курулууда. Анда заманбап ажаткана, кофекана, соода түйүнү жана электр унааларын кубаттоочу жай каралган. Долбоордун негизги максаты — жергиликтүү тургундарга жана облуска келген меймандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү менен туристтик инфраструктураны өнүктүрүү.

 

236