7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл башынан бери 7 миңден ашык жаран жумушка орноштурулду

243

Жыл башынан бери 7106 жаран жумушка орноштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлга карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылган. Алардын ичинен 52 миң 807 жаранга эмгек мыйзамдары жана иш менен камсыз кылуу маселелери, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңештер берилди.

Учурда кесипке багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош жана Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иш алып барууда.

Министрликтен белгилешкендей, кесипке багыт берүү борборлору жана министрликтин аймактык бөлүмдөрү окуучуларга жана жумушсуз жарандардын кесип тандоосуна көмөктөшөт.

244