Ысык-Көлдө өткөн UIM F1H2O эл аралык мелдешинен кийин суунун, топурактын жана жээк тилкесинин булганышы аныкталган жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Кабар» агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-июлдан 2-августка чейин Бает айылында өткөн мелдештин жүрүшүндө адистер тарабынан үзгүлтүксүз экологиялык жана техникалык көзөмөл жүргүзүлгөн.»Суунун сапатын аныктоо үчүн мелдешке чейин жана андан кийин үлгүлөр алынып, химиялык анализ жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында мунай заттарынын курамы жана эриген кычкылтек боюнча көрсөткүчтөрдө ченемден ашуу же суунун сапатынын начарлашы катталган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле акваторияны жана жээк тилкесин текшерүү учурунда күйүүчү-майлоочу майдын төгүлүшү, топурактын жана жээктин булганышы аныкталган эмес.
Булак: «Кабар» агенттиги



