7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйылкы окуу жылында жаңы 28 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилет

134

Быйылкы жыл башынан бери өлкө казынасынын эсебинен салынып жаткан 28 мектеп жана 3 бала бакчанын курулушу аяктады. Бул тууралуу агартуу министрлиги билдирет.

Маалыматта айтылгандай, алар жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Ошондой эле, 18 мектеп жана 4 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Быйыл мектептерди эмерек менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 67,2 млн сом каражат бөлүнгөн.

Билим берүү уюмдарын заманбап техника менен камсыз кылуу боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында быйылкы жылы мугалимдерге 16 185 ноутбук таратуу пландалууда. Эске салсак, 2024-жылы мугалимдер үчүн 27 031 ноутбук, 2025-жылы 20 286 ноутбук таратылган.

135