Быйыл жыл башынан бери өлкөдө 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Министрликтен билдиришкендей, балдарга карата алардын бакубаттуулугун калыбына келтирүүгө, коопсуздугун камсыз кылууга жана укуктарын коргоого багытталган чаралардын комплексин камтыган баланы коргоо боюнча жекече иш-аракеттердин пландары иштелип чыгып, бекитилет. Жалпысынан 2 097 жекече план бекитилип, аларды ишке ашыруунун натыйжасында 1702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды.
«Мындан тышкары, 2026-жылы оор турмуштук кырдаалда турган 1 937 үй-бүлө аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата 260 үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды. Аларга зарыл болгон социалдык жардам көрсөтүлүп, билим алууга жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүлдү, керектүү документтери калыбына келтирилди жана башка колдоо чаралары берилди», — деп айтылат маалыматта.



