7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө кечки саат ондон кийин фейерверктерди атууга чектөө киргизилди

214

Кыргызстанда кечки саат 10:00дөн кийин фейерверк жана башка пиротехникалык каражаттарды аттырууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ага ылайык, пиротехникалык буюмдарды сатуу адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана жүргүзүлөт. Ошондой эле иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин пиротехникалык буюмдарды атып, ызы-чуу жаратууга тыюу салынат.

Документ өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу жана Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

215