7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 30 миң доллар талап кылууга шектелип мамлекеттик кызматкер кармалды

211

Ысык-Көл облусунда 10 гектар жер үчүн жарандан 30 миң доллар талап кылууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.

Алар Ысык-Көл токой чарбасынын 1979-жылы туулган инженери Т.Б. жана 1969-жылы туулган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү К.Д. аттуу жарандар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, алар Ананьево айылындагы 10 гектар жер тилкесин мыйзамдуу негизде пайдалануу укугун алган жарандан акча талап кылган. Шектүүлөр жер тилкеси боюнча келишим түзүүнү атайылап создуктуруп, жеке кызыкчылык үчүн 30 миң доллар сурашкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөргө сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда тергөө уланууда.

212