7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда таза суу тармагын шакекчелөө боюнча жаңы долбоор ишке ашырыла баштайт

13

Токтогул шаарында калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында суу түтүктөрүн шакекчелөө (кольцевание) боюнча жаңы долбоор ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Долбоордун биринчи этабында диаметри 225 мм болгон заманбап полиэтилен түтүктөрү (Ф225 SDR17) аркылуу жалпы 4 чакырым аралыкка суу тармагын тартуу мерчемделүүдө.

Суу түтүктөрүн тартуу иштеринде асфальт төшөлө турган жана оңдоп-түзөө пландалган көчөлөргө өзгөчө артыкчылык берилет. Бул жол инфраструктурасын келечекте кайрадан бузуп-түзөөгө жол бербөө жана курулуш иштерин системалуу жүргүзүү максатында ишке ашырылууда.

Учурда берилген баштапкы тапшырманын алкагында даярдык иштери башталды. Калган тилкелер боюнча кошумча тапшырмалар иштердин жүрүшүнө жараша этап-этабы менен берилет.

Шакекчелөө тутумун киргизүү Токтогул шаарындагы суу түтүктөрүндөгү басымды бир калыпта кармап турууга, суу менен камсыздоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга жана авариялык кырдаалдардын алдын алууга шарт түзөт.

Долбоордун толук ишке ашырылышы менен шаар тургундарын үзгүлтүксүз жана сапаттуу таза суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.

14