7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги түстүү тоолор дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди

136

Баткен облусундагы түстүү тоолору менен белгилүү Мадыген аймагы миллиондогон жылдардын сырын сактаган, дүйнөлүк маанидеги геологиялык жана палеонтологиялык мурас катары бааланып, дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Буга арналып «Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч»  аттуу эл аралык симпозиуму өттү. Анда Мадыген – өткөн доорлордун изин сактаган жаратылыштын тарыхый китеби катары каралып, дүйнөлүк палеонтологиядагы орду, аймактын уникалдуу табигый мурасын сактоо жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мадыген — Баткен облусунун аймагында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү. Мадыген — Кыргызстандын байыркы жаратылыш тарыхын изилдөөгө чоң мүмкүнчүлүк берген уникалдуу табигый музей.

Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана скелеттери табылган. Айрыкча триас мезгилине таандык фаунасы илимпоздордун чоң кызыгуусун жаратып, аймакты дүйнөлүк палеонтологиялык изилдөөлөрдүн маанилүү борборлорунун бирине айландырган.

 

137